http://www.ktrk.kg/"Фабула": Кезек Лаврова менен Сатыбалдиевге жеттиби?

"Фабула": Кезек Лаврова менен Сатыбалдиевге жеттиби?

12 Июнь , 15:30 3472

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама 

“Бир алкак-бир жол” мейкиндигиндеги алака деген тема менен "Кыргыз Туусу" жарык көрдү. Өлкө башчынын Кытайга болгон иш сапарынан жазылган көз ирмемдер, же Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган үч күндүк мамлекеттик иш сапары 6-июнда башталганын ошол эле күнү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлгөнүн, жалпы эле Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын айрым урунттуу учурларына токтолгон бул баш макала: эки коңшу мамлекеттин бүгүнкү жана эртеңки кадамдары, кылымга багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгы, "Бир алкак-бир жол", Жусуп Мамайдын “Манасы” кытай операсында, Кыргызстанды кызыктырган электромобиль өндүрүшү, Кытайдын кылым карыткан айыл чарбасы, Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылат, “ШКУ региондо гана эмес, дүйнөдө туруктуулуктун жана коопсуздуктун фактору катары бекемделиши керек” деген темаларга бөлүнүп жазылды. 

Сыйыртмак деген "Фабула" бүгүнкү санын Кезек Лаврова менен Сатыбалдиевге жеттиби?... деген тема менен чыгарды. Гезиттин оңтойсуз суроолору Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго, жана Бишкек шаарынын  мэри Албек Ибраимовго берилди. Алдыңкы бетиндеги майда макалаларын Бекен Назаралиев трайбалист деңгээлден көтөрүлсө?.. маңдат күтүп акыйган Азис Суракматов, борбор калаанын Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкесинде салынган  3 кабаттуу, 54 бөлмөдөн турган үйүн  декларациясында көрсөткөн эмес, андыктан Камчыбек Жолдошбаевдин үй-мүлкү текшерилет, Абдыкаров жоопко тартылабы? Аскардын “Ала Арчасы” мамлекетке алынсын! Мураталы Тагаев мэр болду деген аталышта окуйсуз. Бир топ саясатчылардын, өлкөдө белгилүүлөрдүн  аттарын атаган коррупция темасында жазылган Коррупцияга каршы күрөш ара жолдо калбаса... деген макалада орун алды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате