http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда  алты жүз миңге  жакын бала оор жумушта эмгектенишет

Кыргызстанда алты жүз миңге жакын бала оор жумушта эмгектенишет

12 Июнь 2018 , 2:49 5708

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кабыргасы катып, бели бекий элек балдардын оор жумуштарда иштөөгө аргасыз болушу, эч бир өлкөнү жакшылыкка алып барбай турган терс көрүнүш. 90-жылдары балдар массалык түрдө оор жумуштарга тартылган. Анткен менен, айрым ата-энелер эмгек - баланы жашоого тарбиялайт деп эсептейт.



30 градус күндүн ысыгына, киши чыдагыс сасык жытка карабай шаардык таштанды төккөн жайында жүздөн ашык киши иштейт. Алардын арасында жашы жете элек балдар-кыздарды кезиктирүугө болот. Баары таштандыда иштеп жатабыз деп намыстанып, интервью берүүдөн баш тартты.


Көпчүлүк учурда балдардын жумушка тартылуусу, үй-бүлөдөгү шартка байланыштуу. Алар ата-энесине жардам иретинде базарда, эгин талаасында, жайкысын Ысык-Көлдүн жээгинде иштейт. Айрым ата-эне эмгек - баланы ЖАШООГО тарбиялАЙТ деп эсептейт. Бирок аткарган жумуш жеңил болушун мыйзам талап кылат.




Новости по дате