http://www.ktrk.kg/Жалал-Абадда жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалар мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалар мамлекетке кайтарылды

13 Июнь 2018 , 7:55 3724

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарында мурда жеке менчикке өтүп кеткен 3 балдар бакчасынын имараты кайра мамлекетке кайтарылды. 

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы Чыңгыз Султановдун айтымында, кайтарылып алынган №15, №21 жана №23 бала бакчалардын имараттары 2006-жылы жеке пайдаланууга өтүп кеткен. 

Аталган имараттар кайра бала бакча катары пайдаланылып келгендиктен, алардын ижара акысына шаардык мэрия жылына жалпы 1 миллион сомго жакын акча бөлүп турган. 

Эми ал каражат шаардык бюджеттен бөлүнбөйт. Мындан сырткары дагы жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалардын имараттары бар. Аларды кайра мэрияга кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатат.


Новости по дате