http://www.ktrk.kg/Бактыгүл айымдын уулун операция кылганга каражат керек

Бактыгүл айымдын уулун операция кылганга каражат керек

13 Июнь , 21:18 3776

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азыр Акматбек Миталов 11 жашта. Ал 3 айлык кезинен бери ичеги оорусу менен жабыркап келет. Буга чейин ага бир канча операция жасалганы менен, толук айыгып кеткен жок. Анын жакындары түрк дарыгерлеринен көптү үмүттөнүп турат. Ал үчүн каражат да арбын болушу керек.

Акматбек Миталов дээрлик төрөлгөндөн бери эле "Гриншпрунг" дарты менен жабыркап келет. Бул тамак сиңирүүчү органдарынын тубаса жетишпестиги. Мындайда, адам заң чыгара албай калат. Мунун себебинен, организмде ар түрдүү оорулар пайда болот. Дартты айыктыруунун жалгыз гана жолу - операция.
Буга чейин Бишкекте Акматбекке бир канча жолу операция жасалган. Кыргызстанда тиешелүү жабдыктар жок болгондугуна байланыштуу натыйжа болгон эмес. Акматбектин апасы Израиль, Орусия жана Казакстандын клиникаларына кайрылган. Бирок, жооп болгон жок. Уланга операция жасоого бир гана түрк дарыгерлери макулдугун беришкен. Ал үчүн 21 миң доллар каражат керектелет. Бирок, Акматбектин апасы - жалгыз бой эне. Ал үч баласын жалгыз тарбиялап келет. Мындай каражат Бактыгүл айымда жок.


Новости по дате