http://www.ktrk.kg/"Азия Ньюс": Орозо айтта курмандык чалуу милдет эмес

"Азия Ньюс": Орозо айтта курмандык чалуу милдет эмес

14 Июнь , 16:57 3888

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Азия Ньюс" алдыңкы беттерин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кыска маектери менен толтурду. Андан  “Тергөө адилеттүү караса, анда менин ишимди жабууга мажбур болушат”- деп берген Ата Мекен фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовдун маегин, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун “Камактагы Исаковго, Кулматовго, Артыкбаевге жолугуп, китеп таратып чыктым” деп айткандарын, ушул эле фракциянын Жогорку Кеңештеги депутаты Азамат Арапбаевдин “МАИде иштеген ар бир жетекчинин өз “ставкасы” бар деп берген маегин, ”Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун “Газ заправкалары кооптуу абалда” дегенин, ошондой эле “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин “Уюшкан кылмыштуу топтор укук коргоо органдары менен чырмалашып, саясатка дааралашууда” деген маегин окуй аласыз.

“Жалгыз тамчы сел болбойт, жаатташкан эл болбойт” деген ураандын алдында чыккан "Багыт" гезити көкөй кести деп, Коррупционерлер 700 миллион доллар жеп коюшту дегенди алдыңкы бетине жазды. Ушул эле беттеги кийинки макалалар Сатыбалдиев эмнеге камалбайт? Ак ийилет, бирок сынбайт, 4 жылдан бери 3 миллиард сомдук кылмышты жашырып келишти беле же Россинбанктагы ызы-чуу, транспорт министрлиги жегенди эле билеби? Абал ушул деген Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы Арман, Калыгул олуянын санаркоосу турмушубузда деп аталды. Эмгек эл үчүн деп “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынын жетекчиси Эрмек Маркабаевдин “Мамлекеттин байлыгын уурдагандар катуу жазага тартылышы керек” деп берген маеги басылды. Позитивден жазылган макала да бар. Аны “Манас аэропортундагы элди кубанткан саамалык” деген аталышта таанышасыз. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Новости по дате