http://www.ktrk.kg/Бишкекте зоопарктын директорунун үйүнө үкүнүн балапандарын таштап кетишти

Бишкекте зоопарктын директорунун үйүнө үкүнүн балапандарын таштап кетишти

26 Июнь 2018 , 8:28 537

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында белгисиз адамдар зоопарктын директорунун үйүнө үкүнүн балапандарын таштап кетишти. Бул тууралуу Каракол шаарында жайгашкан «Бугу эне» зоопаркынын директору Салтанат Сеитова билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкек шаарынын тургуну телефон чалып, подъезддин алдына үкүнүн балапандарын таштап кетишкенин айткан.

«Балапандардын жашы ар башка экен. Бадалдарды кыйып жатышканда уюдан түшүп кетиши мүмкүн. Бул менин гана пикирим. Дароо 5 балапан болушу мүмкүн эмес. Эгер таап алышса, бирөө же экөө эле болмок. Аларды бизге өткөрүп беришти. Балапандарга кам көрүп жатабыз. Алардын арасында жаңыдан эле көзүн ачып жатканы да бар экен», - деди ал.

Буга чейин Бишкекте мыйзамсыз кармалган арстандын баласы «Бугу-Эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилгенин Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирген.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, ушул жылдын 30-ноябрында кечинде белгисиз адамдар «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчисинин үйүнө арстандын баласын таштап кетишкен. Фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын экологдоруна билдирген. Текшерүү учурунда кызыл китепке кирген жаныбар оорубагандыгы жана жакшы шарттарда багылганы аныкталган. Ага Актилек деген ысым ыйгарышкан болчу.


Новости по дате