http://www.ktrk.kg/Мергенчиликке тыюу салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты

Мергенчиликке тыюу салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты

2 Июль 2018 , 18:05 2353

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-июлдан тартып коомдук талкууга коюлду. Жаңы мыйзамды депутаттар күзүндө карайт. Сунуш-пикирлер азырынча Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

Кыргызстанда жылыга жан-жаныбарды атууга ырастама берген лицензиянын 70 даанасы берилет. Бир лицензия 500 000 сом турат. Аңчылык өлкө казынасына жыл сайын 200 миллион доллар киреше алып келет. Анын тийгизген пайдасына караганда зыяны көп. 2016-жылы америкалык мергенчи Лариса Свитлик кызыл китепке кирген “Марко Полону" атып видеосун интернетке жүктөгөн.

Өлкөнүн аска-зоолорунда ак илбирстин 250дөйү жүрөт. Деңиз деңгээлинен 4000-6000 метр бийиктикте жашаган бул жаныбар, тамактануу үчүн тоо этегине түшөт. Илбирсти ачкадан сактап турган да мына ушул кайберендер.

Тоо эчкиси колго бат көнөт. Эгерде ага кол салып, ок атса чочуп калат. Жаныбарды көбөйтүү менен туристтик тармакты өнүктүрүүгө болот. Кыргызстанда 14 миллион гектар аңчылык жер болсо, жарымына мараторий киргизилген.

Депутаттар мыйзам долбоорун жайкы каникулдан кийин карайт. Эгерде кабыл алынса 2020-жылдан 2030-жылга чейин кыргызстанда аңчылык кылууга тыюу салынат. Европа өлкөлөрүн мисалга алсак, жаныбарларга фотоаппараттын жардамы менен көз салууга болот.

Новости по дате