http://www.ktrk.kg/Тарых музейин оңдолушу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Тарых музейин оңдолушу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

14 Июль , 14:45 5167

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу", "Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренелеринин негизинде козголгон. 

Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Архитектура, курулуш жана турай жай коммуналдык чарба агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары сатып алуу боюнча мыйзамдарды бузуу менен конкурс өткөрбөй туруп "СМУ-3" ЖЧКсы менен оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 690 миллион 500 миң сомго келишим түзгөн. 

Андан сырткары, музейге жабдуу сатып алуу үчүн 869 миллион 447 миң 114 сомдук келишимге кол койгон. Бирок келишимде көрсөтүлгөн сумманын 1 миллиард 520 миллион 309 миң 404 сому гана "СМУ-3" ЖЧКсынын эсебине которулган. Аны менен катар бул ишкана оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча подрядчы экенине карабай музейге жабдуу алуу үчүн жана акча бөлүү боюнча чечим кабыл алынганга чейин эле жабдуу алууга немец компаниясы менен 8 миллион 890 миң 321 евролук келишим түзгөн. Ошол эле учурда кандай жабдууларды алып келүү керектигин немец компаниясы өзү чечкен. 

Жыйынтыгында музейдин концепциясына туура келбеген баасы 55 миллион 593 миң 772 сомдук жабдуулар алып келинген. Ошондой эле кафетерий үчүн 23 миллион 823 миң 644 сомго алынган жабдуу мыйзамсыз түрдө экспонаттар менен чогуу бир бөлмөгө коюлуп, ал дээрлик колдонулбайт. Мындан тышкары, өлкөдөн эле табууга боло турган айрым курулуш материалдары Германиядан кымбат баада алып келинген. 

Тергөө учурунда "СМУ-3" компаниясы менен немец компаниясынын ортосунда чет элдик валютада мыйзамсыз түзүлгөн келишимден улам евронун сомго болгон катышынын айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөнү аныкталган. Андан сырткары, Эсеп палатасы түзгөн акт боюнча оңдоо иштерин жүргүзгөн "СМУ-3" ЖЧКсы жасалган иштердин наркын 20 миллион 310 миң сомго жогорулатып көрсөткөн. 

Жыйынтыгында бюджеттен бөлүнгөн каражаттын 118 миллион 215 миң 200 сому мыйзамсыз коротулган. Учурда кылмыш иши тергөө органдарына жиберилди.

Новости по дате