http://www.ktrk.kg/Балдарды улуттук каада-салтка жакындаткан  этно лагерь

Балдарды улуттук каада-салтка жакындаткан этно лагерь

17 Июль , 22:26 2696

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө улуттук каада-салт менен тааныштырып, ынтымак, биримдикке үндөгөн балдардын жайкы лагери иштеп жатат. Кооз табияттын койнундагы андай эс алуу азырынча Чүй облусунун аймагында гана уюштурулууда. 


Кооз жаратылыш койнунда чурулдаган балдар. Бу жерде адатта колдон түшпөгөн телефон, интернет жок. Лагердеги шаардык балдар гаджеттин ордуна өздөрү тиккен боз үйдүн айланасында айыл турмушун, кыргыздын салтын, маданиятын үйрөнүп, улуттук оюндарын ойноп, улуттук тамактын түрлөрүн өз колдору менен жасашууда. Балдарга жакканы өзгөчө сүзмөдөн курут тоголоктоо. Көпчүлүк даяр курутту гана жеп көрбөсө анын кантип жасалышын эми гана көрүшүүдө.

Кыздар камыр жууруп, андан боорсок жана бешбармакты кол менен кесип, даярдашса, эркек балдар этти майдалап туурап, бири отун жарса, дагы бири от жагып, айтор айылда жасалчу жумуштун баары эс алуучулардын колунда. Десертке талкандан жасалган кыргыз шоколады.

Балдар шаардын жашоосунан бир заматта айылдын жашоосуна көнүп кетиши үчүн психологдор иштеп жатышат. Ар бир бала өзүнчө көңүл бурууну талап кылат. Балдардын аракет, жөндөмүн улуттук акыл оюндары аркылуу арттырууга басым жасалууда.





Новости по дате