http://www.ktrk.kg/Ош шаарына жаңы мэр шайланды

Ош шаарына жаңы мэр шайланды

18 Июль 2018 , 21:49 547

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында шаардын жаңы мэри шайланды. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы буга чейин өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин сунуштаган. 

Добуш берүү жараяны жашыруун добуш берүү менен жүрдү. Ага, алты фракциядан турган шаардык кеңештеги 45 депутат катышты. Жараянга көз карандысыз эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, байкоочулар, шаардагы массалык маалымат каражаттары катышты. 

Шайлоонун жыйынтыгы менен калаа башчылыкка сунушталган жалгыз талапкерди 45 депутаттын 44ү колдой турганы аныкталды. Бирөө каршы добуш берди. 

Байкоочулардын баамында бул шайлоо баштапкы шайлоолордон ачык айкындуулугу менен айырмалды. Добуш берүү мыйзам бузуусуз өттү.


Новости по дате