http://www.ktrk.kg/Аймак өнүксө, өлкө өнүгөт

Аймак өнүксө, өлкө өнүгөт

19 Июль 2018 , 22:56 860

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районуна быйыл 56 млн сом инвестиция тартылган. Натыйжада 7 жаңы ишкана ачылып, 200дөй жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бакмал айылына курулган жаңы май заводу ишке кирип, өз өнүмүн ички рынокко сатыкка чыгарды.

Алтынбек Карабаев, Өзгөн шаарынын тургуну. Мектепти аяктаган соң, көптүн бири катары чет жакка жумуш издеп кеткен. Алты жыл ар кандай жумуштарда иштеген. Өткөн жылы үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кичи мекенине биротоло көчүп келген. Айылындагы жаңыдан ишке кирген заводко оператор болуп орношту.

Азыр ишкана алгачкы продукциясын ички базарга сатыкка чыгара баштады. Заводдун суткасына 50 тонна май чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. 

Султан дагы Алтынбек сыяктуу Орусияда көп жыл иштеп келген. Кесиби - инженер-энергетик. Бул адистиктеги жумушчу зарыл болгондуктан, ишкана жетекчилиги Султанды мында өзү чакырган.

Заводдун курулушуна жалпы 4 млн. АКШ доллары сарпталган. Мунун 600 миңине эл аралык уюм колдоо көрсөткөн. Ишкана заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган. Ишкана аларды Орусия, Кытай жана Түрк өлкөлөрүнөн атайын буйуртманын негизинде алып келген. 

Азыр республиканын күнөстүү аймактарында зыгыр өсүмдүгү гана бышты. Сентябрга пахта, күн карама, соё бышат. Бул үчүн завод дыйкан-фермерлер менен алдын-ала келишим түзгөнгө жетишкен. 

Ишкана өндүргөн продукциясын ички керектөөдөн сырткары, Өзбекстан менен Кытай өлкөсүнө экспорттоону көздөөдө.Өзгөн райондук бийлиги быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында 10дон кем эмес ишкана курууну максаттаган. Жыл соңун чейин 300дөй жаңы жумушчу орунун түзүү мерчемделген.

Айыл жеринде калып, элеттиктердин жашоосун жакшыртам дегендерге мамлекет тарабынан атайын программа иштеп келет. “Айыл-чарбасын каржылоо-6” долбоорунун алкагында жыл башынан бери, 110 млн. сом насыя берилген. Кошумча 15 млн. сом Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан берилген. Негизги басым, айыл-чарбасына, мал-чарбачылыгына жасалып жатат.

Новости по дате