http://www.ktrk.kg/Казакстандык спортчу  Денис Тен бычактан алган жараатынан улам каза болду

Казакстандык спортчу Денис Тен бычактан алган жараатынан улам каза болду

20 Июль 2018 , 5:48 5031

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сочиде өткөн кышкы олимпиаданын коло медалынын ээси, Азиянын чемпиону, 25 жаштагы Денис Тен бычактан алган жараатынан улам каза болду. 

19-июль күнү кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген. 

Дарыгерлердин айтымында, спортчунун негизги органдары жабыркагандыктан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Милициядан билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн бирөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми экинчи шектүүнүн да өздүгү аныкталып аны издөө иштери уланууда.



Новости по дате