http://www.ktrk.kg/Премьер-министр Токтогул ГЭСдеги реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Токтогул ГЭСдеги реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты

5 Авг 2018 , 15:18 3378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Энергокомпаниялар 1-октябрга чейин жылуулук мезгилине даярдыктарды аяктоого тийиш. Муну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышып жаткан учурда билдирди. 

Өкмөт башчы машина залын, жаңы трансформаторлорду көрүп чыкты жана станциянын иштөө режими менен таанышып, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. 

Жумуш сапардын алкагында премьер-министр Камбар-Ата-2 ГЭСи, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барып, алардын ишмердиги менен дагы таанышты.




Новости по дате