
Ат-Башынын Бирлик айылында жаңы мектеп ишке берилүү алдында турат
6 Авг 2018 , 14:04
1920
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Ат-Башы районунун Бирлик айылында жаңы заманбап мектептин курулушe аяктап калды. Мамлекеттен каржыланып, жалпы наркы 57 миллион сом болду. Азыр 90 пайызы бүтүп, жаңы окуу жылында ишке берилүү алдында.
Мектептин курулушу 2013-жылы эле башталып, каражат тартыштыгынан бүтпөй келген. 225 орунга ылайыкталган мектепте бардык шарты бар.