http://www.ktrk.kg/Сөз эркиндигинин мааниси талкууланды

Сөз эркиндигинин мааниси талкууланды

30 Март 2016 , 10:46 888

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Маалымат каражаттары менен жарандык коомдун бирге иш алып баруусу-маалымат коопсуздугун сактайт”. Мындай аталыштагы эл аралык жыйын Бишкекте болуп өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, мындан тышкары Улуу Британия, Монголия жана Румыниядан келген эксперттер катышты.

Жыйында диний экстремисттик үгүт иштерине каршы күрөшүүдө жана башка маалымат коопсуздугун сактоодо жарандык уюмдун өкулдөрү менен катар массалык маалымат каражаттарынын орду тууралуу талкуу болду. Борбор Азиянын ар тарабынан келген журналисттер өз өлкөсүндөгу маалымат коопсуздугу, сөз эркиндиги тууралуу айтып берип, чет элдик маалымат каражаттары менен салыштыруу жасашты. 

Мындан тышкары жалган маалымат таратуу, такталбаган окуяны чагылдырууга кантип бөгөт койсо болот деген темада чет элдик эксперттер тренинигдер менен мастер-класстарды өтүштү. Эл аралык жыйын БУУнун Бишкектеги Академиясы, Интерньюс уюму, “Сорос-Кыргызстан” фонду жана Америка Университетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.




Новости по дате