http://www.ktrk.kg/Бишкек шаарынын мэрин шайлоо эртең өтөт

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо эртең өтөт

7 Авг 2018 , 17:51 473

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эртең 8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Азиз Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэр кызматына көрсөткөн жалгыз талапкер.

Азиз Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэр кызматына көрсөткөн жалгыз талапкер. 46 жаштагы Суракматов Чүйдүн кулуну. Мэриянын түзүмүндө көп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты болгуча, Бишкек шаардык кеңештин депутаты, төрагасы болгон. Мыйзамдагы жол-жоболор боюнча мэрди шаардык кеңеш жашыруун добуш берүү жолу менен шайлайт. Шайлоого шаардык кеңештин 45 депутатынын отузу катышкан болсо, шайлоо өттү деп эсептелет. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер мэрликке шайланат.

Шаардыктар Бишкектин маселе-көгөйлөрү менен тааныш болгон мэрликке талапкер калаанын жүгүн тартып кете алат деген ишенимде. Шаар тургундары жаңы мэр таза, ак-ниет иш алып барып, шаардагы унаа токтоочу жай, жол, баш-аламан курулуштарды иретке келтирүү, акыр-чикирден арылтып, жашыл шаарга айлантса, эс алуга ылайыктуу жайлар болсо деген сунуштары бар.

Азиз Суракматов мэр болуп шайланса биринчи кезекте мэрия коррупция менен күрөшүүгө кадам таштай турганын убадалаган. Ошол эле учурда талапкердин программасында жолдорду салуу, шаарга автобустарды алып келүү, борбордун жака-белиндеги жаңы конуштарды жарыктандыруу, жашылдандыруу, акыр-чикирди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат жана шаардын бюджети көбөйтүлүп, бизнеске мыкты шарттар түзүлмөкчү.

Эске салсак шаар мэринин орду бош турганына бир айга чукулдап калды. Мурдагы мэр Албек Ибраимовго шаардык кеңеш 13-июлда бир добуштан ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Учурда Ибраимов "Коррупция" беренси боюнча шектелип УКМКнын камагында. 




Новости по дате