http://www.ktrk.kg/III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну мурдагыдан өзгөчө өтөөрү күтүүлүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну мурдагыдан өзгөчө өтөөрү күтүүлүүдө

8 Авг , 23:30 959

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл коомчулук Дүйнөлүк көчмөндөрдүн бүйүр кызыткан оюндары мурдагыдан да кызыктуу, өзгөчө өтөт деп күтүүдө. Айрыкча чоң мааракенин ачылыш жана жабылыш аземиндеги оюн-зоок, концерт көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белек болот деп уюштуруучулар ишендирүүдө. 

Бул багытта Кырчын жайлоосунда иш кызуу жүрүп жаткан учур. Долбоордун көпчүлүк бөлүгү купуя сыр бойдон сакталып, ачылыш аземинде келгендерди таң калтырган окуя болушу керек дешет.

Азыркы тапта Кырчын жайлоосуна электр энергиясы толук тартылып бүттү. Мындан сырткары энергетиктер көчмөндөр оюндары өтө турган этно айылды түнкү жарык менен камсыз кылышты. Дагы кошумча Кырчын жайлоосуна келүүчү айланма жол да оңдолуп, аягына чыгып калды. Жолчулардын дагы он күндүк жумушу бар.

Өткөн оюндарда жайлоодогу тазалыгы жана ажааткана маселеси курч болгон. Бул багытта жергиликтүү айыл өкмөттөрү иш алып барууда. Негизги басым өткөндөгү кемчиликтердин кайталанышына жол бербөө. Быйыл Кырчынга келе турган туристтер жылдагыдан көп болушу мүмкүн.


Новости по дате