http://www.ktrk.kg/КТРКнын журналисттерин сөккөн кызматкердин кылыгын комиссия териштирип жатат

КТРКнын журналисттерин сөккөн кызматкердин кылыгын комиссия териштирип жатат

9 Авг 2018 , 12:10 5921

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын журналисттерин сөгүп, кыр көрсөткөн кызматкердин кылыгын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы "Азаттыкка" билдирген. Анда этика боюнча комитет видеодо журналисттер менен кайым айтышып, жаман сөздөрдү айткан кызматкерге кандай чара колдонулаарын 9-августта аныктай турганы айтылат.

Эске салсак, 8-августта КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын кабарчылары Бишкек мэриясынын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер тарабынан коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгон. 

Новости по дате