http://www.ktrk.kg/III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы тандалды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы тандалды

10 Авг , 10:52 359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы тандалды. Ал тоолуу өлкөлөрдү мекендеген  Ак илбирс. Дүйнө жүзүндө саны жагынан аз жана кызыл китепке кирген жаныбарды тандап алуунун башкы себеби аны коргоого алуу. 

Ак илбирстин эзкизи Көчмөндөр оюндары учурунда чет элдик туристерге жол көрсөтүүчү 2ГИС мобилдик тиркемесинин логотибинде да камтылган. Ал эми 2ГИС көчмөндөр оюндарындагы быйылкы өзгөчөлүгү. Тиркеме аркылуу оюндарды көрүүчү үчүн келген меймандар жана чет элдик мелдештер өтүп жаткан аянтчаларды, маданий иш-чаралар өтүп жаткан даректерди оңой таап бара алат. Программаны «2ГИС» Эл аралык картографиялык компаниясы иштеп чыккан. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате