http://www.ktrk.kg/"Бешинчи каналдын" иши жанданат

"Бешинчи каналдын" иши жанданат

10 Авг , 23:14 1116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери 5-каналдын өздүк программалары обого чыга элек. Эфирди фильмдер менен чет элдик көрсөтүүлөр гана ээлеп келген. Эми жаңыча программалар даярдалууда.

Каналдын өздүк көрсөтүүлөрү эмгек жамааттын таркашына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Былтыр жыл соңунда каналдын карызы көбөйүп, банкроттук абалда экени жарыяланган эле. Жаңы жетекчилик каржылык маселе чечилип, иш жанданаарына ишеним артып турат. Сапаттуу көрсөтүүлөрдү даярдоого камынган эмгек жамаат да жаңы түзүлдү. 

5-канал 2006-жылдан тартып иштеп келет. Жабык акционердик коом макамына ээ. Ага чейин КООРТ аталышы менен белгилүү болгон. Штаттык бирдигинде 101 кызматкер бекитилсе, учурда 68 топтолду. 

Башкы директор Эрнис Кыязов жетекчилик ишти гана аркалабастан, эфир түйшүгүн журналист катары да көтөрүп, өз тажрыйбасын колдонууну туура көрдү. Мындай талап ар бир кызматкерге да коюлууда. Кадр тартыштыгын ишти оптималдаштыруу жолу менен жоюу максат кылынды.

5-каналдын кызматкерлери тарабынан даярдалган көрсөтүүлөр 13-августтан тартып обого чыгат. Азырынча кыргыз, орус тилдеринде жаңылыктар жана 4 автордук программа бекитилген. Алардын катарын бара-бара көңүл ачуучу маанайшат көрсөтүүлөр да толуктайт.









Новости по дате