http://www.ktrk.kg/Борбор калаада Азиянын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү

Борбор калаада Азиянын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү

10 Авг , 20:31 2091

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада Азиянын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү. 6-августта башталып, төрт күнгө созулган иш-чарага дүйнөнүн 44 мамлекетинен келген 200 ашуун эколог-окумуштуулар катышты. Анда жаратылышка байланышкан бир катар маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынды. 

Эколог-окумуштуулар чогулган пикир алмашуучу аянтчада жаратылышка байланышкан бир топ илимий маселелер талкууланып, омоктуу ойлор ортого салынып, натыйжалуу чечимдер кабыл алынды.

Конференцияга катышкан илимпоздор бул иш-чара жаратылышка байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө, сунуштар жана пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүүгө, эң негизгиси ортодогу алаканы жакшыртып, мындан ары да кызматташууга жакшы шарт түзүүгө жол ачканын айтат. Алгачкы ирет уюштурулган эколог-окумуштуулардын жыйынын эми эки жылда бир өткөрүү мерчемделүүдө.
Жазгүл Жекшенова, Азамат Кыдыртоктоев КБК

Новости по дате