http://www.ktrk.kg/Азиз Суракматов эми шаарды башкарууга расмий түрдө киришет

Азиз Суракматов эми шаарды башкарууга расмий түрдө киришет

13 Авг 2018 , 17:52 2227

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Боршайком Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын таанып, тиешелүү протоколдорду расмий бекитти. Мыйзамга ылайык, мындай чечим добуш берүүдөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде чыгарылышы керек. 

Азиз Суракматов эми шаарды башкарууга расмий түрдө киришет.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына таянсак добуш берүүдөн кийин арыз, даттануулар болгон жок. Кайрылуулар шайлоого чейин келип түшкөн.

Жаңы мэрди эми көп жумуш менен чоң сыноо күтүп турат. Шаар тургундары коомдук транспортторду көбөйтүп, жол куруунун сапатына көңүл буруп, тазалыкты камсыз кылса, жашылдандыруу иштерин жандантып, жакшыртса дешет. Баш аламан курулуштарга жол бербей, паракорлуктан алыс болсо деген дагы талап бар.

Суракматов октябрь айына чейин депутаттарга борбор калааны өнүктүрүү боюнча программасын алып келип, тааныштырышы керек. Мэрликке жаңы шайланган күнү ал алдыда аткарууну көздөп турган иштери тууралуу учкай айтып берген.




Новости по дате