http://www.ktrk.kg/Өзбекстанда Афган бийлиги менен “Талибан” кыймылынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү

Өзбекстанда Афган бийлиги менен “Талибан” кыймылынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү

14 Авг 2018 , 5:21 5171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Талибан”  кыймылынын  өкүлдөрү менен  Афган бийлигинин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөр Өзбекстанда жүргүзүлдү.   Өзбекстандын тышкы иштер министрли билдирген маалыматтарга караганда, тараптар  өлкөдөгү  көп жылдардан бери  токтобой келген  согуштук  кырдаал  боюнча пикир алмашып, Ташкент сүйлөшүүлөргө  аянтча  түзүп берген. 

Ал арада Афганистандын түштүгүндөгү Газни шаарында талибандардын кол салуусунан 100 дөн ашуун  жаран каза тапкандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Рейтер агенттиги кабарлагандай, набыт кеткендердин 13 чү жөнөкөй жаран болгон. Талибдердин жоготуулары боюнча азырынча такмаалыматтар жок. 

Талдоочулардын баамында, соңку учурларда ДАЕШ менен Талибан кыймылынын ортосунда көз караштардын дал келбеши талибдердин бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө аргасыз кылууда. Тараптардын мындай кадамы Афганистанда мындан ары тынчтыктын өкүм сүрүшүн камсыз кыла албайт. Ага талибдердин принциби жол бербейт деген жүйөөнү келтиришет талдоочулар. Өлкөдөгү мындай абал Борбор Азия мамлекеттерин кооптондуруп жатканын талдоочулар жашырышпайт.  

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате