http://www.ktrk.kg/Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүүдө

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүүдө

15 Авг 2018 , 16:25 1956

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 3 аптага жетпеген убакыт калды. Учурда Ысык-Көлдөгү "Кырчын" жайлоосунда иш-чара өтө турчу сахналарды, көрүүчүлөр олтуруучу орундуктарды орнотуу-куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Ал жумуштар толугу менен жуманын соңунда аяктай тургандыгын “Биринчи радиого” оюндарды өткөрүү катчылыгы билдирди. 

Жайлоого алып бара турчу Григорьев капчыгайындагы альтернативдүү жолдун курулушу толук аяктаган. Андан сырткары көпүрөлөр оңдолуп, электр жарыгы киргизилип, жайлоонун инфраструктурасын жакшыртууга көңүл бурулууда. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате