http://www.ktrk.kg/Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири А. Абдраевдин сөөгү жерге берилди

Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири А. Абдраевдин сөөгү жерге берилди

16 Авг 2018 , 17:01 681

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн мамлекеттик гербдин авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер сүрөтчү Асеин Абдраевдин сөөгү жерге берилди. Маркумду узатуу зыйнаты Нарын шаарында өттү. Ал узакка созулган оорудан улам 13-августта көз жумган. 

Асеин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Ак-Чий айылында туулган.1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүткөн. 1994-жылы милициянын генералы Садырбек Дубанаев менен бирге Абдраев Кыргыз Республикасынын гербин тартышкан. 

Асеин Абдраев Нарын облустук драма театрында башкы сүрөтчү, Нарын райондук балдар көркөм өнөр мектебинде мугалим, директор болуп эмгектенип келген.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Новости по дате