http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда укуктук жапа чеккендер үчүн атайын акы корун түзүү сунушталды

Кыргызстанда укуктук жапа чеккендер үчүн атайын акы корун түзүү сунушталды

17 Авг 2018 , 4:36 4542

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги коомдук талкууга койду. Документ жапа чеккендерге акы төлөп берүүдө укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт. 

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жабыр тарткан адамга келтирилген зыяндын орду толтурулушу керек. Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, эгер айыпталуучу жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтиргенден кийин кенемте төлөнбөсө, мамлекет атайын фонд ачат. Алдын ала пландар боюнча, бул фонд республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Финасы министрлигинде түзүлөт. 

Материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тартиби соттун чечими менен аныкталат. Кенемтени зомбулук кылмыштарынан жабыр тарткандарга гана төлөп берүү жагы сунушталды.


Новости по дате