http://www.ktrk.kg/Өкмөт башчы Кырчын жайлоосундагы негизги курулуштар менен таанышты

Өкмөт башчы Кырчын жайлоосундагы негизги курулуштар менен таанышты

19 Авг 2018 , 20:42 882

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында сентябрда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына объекттердин даярдыгын текшерди. Өкмөт башчы Григорьев капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна барып, андагы негизги курулуштар менен таанышты.

Мында "Кыргыз айылы" боз үй шаарчасы түзүлүп, маданий иш-чаралар өтөт. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, этно-шаарчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жеринде электр чубалгыларынын 80 түркүгү жана 5 трансформатор орнотулуп, чыгуучу дарбаза коюлуп, мал союучу жай жана жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү курулган. 

Бардык иштер өз убагында каржыланып жана белгиленген иштерди мөөнөтүнөн мурда аяктоо үчүн зарыл курулуш материалдары бар. 

Андан соң Абылгазиев Ысык-Көл районундагы Семеновка-Григорьевка альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул жол Кырчын жайлоосуна алып бара турган башка жолдордогу кыймылды азайтуучу альтернативалык жолго айланат.



Новости по дате