http://www.ktrk.kg/III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө маани берилет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө маани берилет

21 Авг 2018 , 23:50 1681

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл дагы 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чет өлкөлүк жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылып, мелдештер дүйнөнүн ар тарабына көрсөтүлөт. 

Коомдук биринчи канал өлкө аймагында түз алып берүүлөрдү уюштуруп турмакчы.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга 2018-жылдын 20-августуна карата 50 мамлекеттен 410 журналист аккредитациядан өттү, мындан сырткары дагы 111 чет өлкөлүк кабарчынын сунушу кароодо турат. 

Ошондой эле, 164 адам келе турган күндөрү тууралуу кабар бергендиги белгилүү болду. Мындан сырткары жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын 200дөн ашык өкүлү оюндарды чагылдырууга укук алышмакчы.

Буга чейинки оюндардай эле быйыл дагы иш-чара учурунда, айрыкча аземдин ачылыш жана жабылыш салтанаттарында коомдук коопсуздукту сактоого өзгөчө маани берилет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл райоунун Тамчы айылынан тарта кайгуул күзөттөрү орнотулуп, милиция күнү-түнү кызматта болот.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздукту 4 000 ашык милиция кызматкерлери камсыздамакчы. Коопсуздук маселеси иш-чаранын маанилүү бөлүгү болуп саналат. 

Учурда укук коргоо кызматкерлерине тил үйрөтүү, окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Буга кошумча иш-чара учурунда Ысык-Көлдө 5 эвакуатор иштейт. Алар спорттук иш-чара маалында туура эмес жерге токтотулган унааларды айып аянтчасына жеткирип турат. Андыктан, айдоочуларга жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Оюндар учурунда унаалары менен барган коноктор темир тулпарларын Кара-Ой айылына калтырып, андан ары коомдук транспорт менен гана жете алышат. Айтмакчы бул жолу дагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан Кырчын жайлоосуна чейин, андан кайра ат майданга коомдук транспорт каттайт. 

2-сентябрда баштала турган 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 65 өлкөдөн 2139 спортчу катталды. Мелдештерге катышууга арыз тапшыруу 25-августка чейин узартылган. Учурда көл кылаасында оюндарга карата акыркы даярдыктар жүрүп жаткан кез.





Новости по дате