http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдөгү калкыма мончолор экологиянын душманы

Ысык-Көлдөгү калкыма мончолор экологиянын душманы

22 Авг 2018 , 10:30 4255

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдүн жээгиндеги көчмө мончолор тыюу салынганына карабай дагы деле ишмердүүлүгүн улантып келет. Мындай маалыматты жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыккан.

Бул көрүнүш социалдык тармактарда кызуу талкууну жараткан соң прокуратура органдары тийиштүү чара көрө тургандыгын билдирди. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көлдүн үстүндө сүзүп жүрүүчү мончолор тыяуу салынганы карабастан тымыз иш алып барып жатканын айтууда. 

Бирок мыйзам чегинде буга чейинки кол жээгиндеги мончолор толук жабуу иштери жүрүүдө. Деги эле Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн экологиясын ким сактайт? Көл үстүндөгү калкып жүрүүчү мончолор эмнеси менен кардарларды кызыктырат? 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате