http://www.ktrk.kg/Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары түз ободо көрсөтүлөт

Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары түз ободо көрсөтүлөт

22 Авг 2018 , 5:31 844

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары түз ободо көрсөтүлөт. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары Коомдук биринчи каналдын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу чагылдырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. 

Кырчын этношаарчасында өтө турган негизги маданий программанын дээрлик бардыгын түз эфирден көрүүгө болот. Алар – «Көчмөндөрдүн алтын кылымы» аттуу театрлашкан көрсөтүү, «Айтыш» эл аралык сынагынын финалы, «Көчмөндөрдүн оюндары» деген үч сааттык программа, чет элдик жана кыргызстандык музыка жылдыздарынын концерти. 3-6-сентябрь күндөрү маданий программа спутник аркылуу түз эфирден көрсөтүлүп турат.

Новости по дате