http://www.ktrk.kg/ДКО: Алайлык уз-чеберлер 800 жылдык тарыхы бар аялдардын баш кийимин даңазалашат

ДКО: Алайлык уз-чеберлер 800 жылдык тарыхы бар аялдардын баш кийимин даңазалашат

23 Авг 2018 , 15:39 780

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көчмөндөр оюндарына Ош облусу 9 аталыш менен катышат. Өзгөчө басым нукура улуттук баалуулуктарга жасалмакчы. Дүйнө элинин сынына коюлуучу иш-чарага аталган аймактын маданият чеберлеринин даярдыгы кандай?

Негизги басым, байыркы көчмөн элдин көөнө мурастарын камтыган үрп-адат, каада-салттарына жасалат. Ош шаары “Кыз узатуу” салтынын байыркы үлгүсүн чагылдырат.


Облуска бөлүнгөн субъектилердин эң маанилүүсү- “Хан көтөрүү” салты. Көркөм жетекчинин айтымында, бул салт аркылуу кыргыз каганатынын улуу тарыхы бүтүндөй көрөрмандардын сынына коюлат. Демек, жоопкерчилик да жогору.

Дубан боюнча 7 район бир шаардан жалпы 300дөй маданият кызматкерлери, элдик таланттар катышат. Айтылуу Алай өрөөнүнөн чыккан элдик уз-чеберлер 800 жылдык тарыхы бар аялдардын баш кийимин даңазалай турган болду. Өзгөчөлөнгөн бул кийим, чет элдиктердин гана эмес, жергиликтүү эл арасында да сейрек кездешкени менен бааланат экен.




Новости по дате