http://www.ktrk.kg/ Көчмөндөр оюндарынын соңку даярдыктары

Көчмөндөр оюндарынын соңку даярдыктары

27 Авг 2018 , 23:51 2118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде көрүүчүлөр кошо манас айтышат. Бул үчүн эпостун үзүндүсү жазылган баракчалар салтанаттуу иш-чарага келген ар бир адамга берилет. Сценарийге ылайык соңку саптар артисттер менен бирге миңдеген көрүүчүлөр тарабынан да жаңырышы керек. Учурда Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгүнө карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ачылыш аземден сырткары “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына да өзгөчө маани берилүүдө. Ага катышуу ниетин 27 өлкөнүн өкүлдөрү билдирди.

Көчмөн оюндарынын Чолпон-Атадагы ат майданда өтө турган ачылыш аземине 1 жарым миңдей артист жана атайын даярдалган студенттер катышаары кабарланган. Бул ирет көчмөн турмуштун философиясы, кыргыздар көкөлөткөн өзгөчө белгилер даңазаланат. Азем манас айтуу менен жыйынтыкталат.

Бостери айылында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына да өзгөчө даярдык көрүлүүдө. Ал чет элдик меймандарга, туристтерге жана жергиликтүү элге төрт күн бою рахат тартуулайт. Этномоданы, ар элдин маданиятын, ыр-күүлөрүн көрүүнү каалагандарга 4-7-сентябрь күндөрү кечки саат сегизден 11ге чейин эшик ачык. 

Этнофестивалга катышаарын 27 өлкөнүн өкүлдөрү бышыктады. Бирок бул чек эмес. Кайрылуулар дагы болот деп болжолдонууда.

Бул кыскача гана берилген маалыматтар. Уюштуруучулар көчмөндөр оюндарынын алкагында боло турган салтанаттардын жүрүшү сыр бойдон калсын деп толугураак айтуудан карманып турушат. Эң негизгиси деңгээли биринчи жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кем болбойт деген ишенимде.



Новости по дате