http://www.ktrk.kg/“Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө каза болгон жарандын өздүгү такталды

“Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө каза болгон жарандын өздүгү такталды

30 Авг 2018 , 4:54 4961

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

28-августта күндүзү Бишкектеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө каза болгон жарандын өздүгү такталды. Ал Бишкектин 45 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ордо калаанын Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалыматтарга ылайык, маркумдун денесинен көк ала тактар табылган. 

Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүүдө.


Новости по дате