http://www.ktrk.kg/Көчмөндөр оюндарынын коноктору келе баштады

Көчмөндөр оюндарынын коноктору келе баштады

30 Авг 2018 , 12:18 1974

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чет өлкөлүк катышуучулары келип баштады. Бүгүн таңга маал Кыргызстан жети мамлекеттен конокторду кабыл алды. Спортчуларды ыктыярчылар аба майдандан тосуп алып, түз эле оюндар өтө турган Ысык-Көлгө коштоп кетишүүдө.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы коноктору Гана жана Улуу Британиянын өкүлдөрү болду. Алар Кыргызстанга кыргыздын улуттук акыл оюну тогуз коргоол жана африкалыктардын мангала оюндары боюнча күч сынашууга келишти. Спортчулар биринчилик үчүн мелдештерге даяр, бирок аларды көбүнчөсү көчмөндөрдүн жашоосу кызыктырат.

30-августтун таңында аба майданга учак менен 11 спортчу конду. Алар АКШ, Орусия, Гана, Филиппин, Иордания, Израилдин бир канча спорттун түрлөрү боюнча өкүлдөрү.


Учактан түшкөн спортчулар аба майданда уюштурулган унаалар менен Ысык-Көлгө багыт алышты. Алар оюндар башталганга чейин эс алып, Кыргызстандын табияты менен жакындан таанышат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 31-августка чейин 50гө жакын катышуучу келет. 




Новости по дате