http://www.ktrk.kg/III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү жайларда чылым чегүүгө тыюу салынды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү жайларда чылым чегүүгө тыюу салынды

30 Авг 2018 , 18:29 2318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей калктын жарымына жакыны чылым чегет. Ошол эле учурда жүрөк кан тамыр жана онкологиялык ооруга кабылгандардын көбүнө дал ушул тамекинин зыяны таасир этүүдө. 

Мындан улам дарыгерлер чылым чегүү Кыргызстанда жумушка жарамдуу калктын бөлүгүнүн ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын ырастайт.

Эл аралык деңгээлдеги спорттук иш чараларда тамеки тартууга тыюу салуу боюнча демилгелер мындан кырк жыл мурда эле көтөрүлүп келген. Олимпиада, футбол боюнча чемпионаттарда жана башка таймаштар чылым чегүүгө каршы ураан менен өтүп келет. 

Ошондуктан Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тамеки тартууга тыюу салуу боюнча сунушту уюштуруучулар колдоого алды.

Оюндар өтүүчү жайларда атайын бекитилген кызматкерлер иштейт жана алар тамеки чегүүгө каршы иш чараларды өткөрөт. Ошол эле учурда маалыматтык материалдар менен бирге “тамеки чегүүгө болбойт” деген жазуулар илинет. Ал эми тамеки чеккендер үчүн атайын өзүнчө жайлар каралат.



Новости по дате