http://www.ktrk.kg/Көөнөрбөс мурасты даңктаган көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи болду

Көөнөрбөс мурасты даңктаган көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи болду

2 Сент 2018 , 23:22 4232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл районундагы ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды. Көөдөндү көкөлөтүп, ар бир мекендешибиздин сыймыктануусун жараткан Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы театралдаштырылган оюн-зоок, концерт менен коштолду.

Мына ушул көкүрөккө дем берген таасирлүү иш-чараны ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков,

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Татарстандын Президенти Рустэм Минниханов да күбо болду. Муну менен катар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра аймагынын мураскер ханзадасы, шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шарки да бар. Ата-бабалардын көөнөрбөс мурасын даңктап, даңазалаган көчмөндөр оюндарын

КТРК жана анын курамындагы каналдар түз эфирде жеринен алып көрсөттү.





Новости по дате