http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдүн бир катар чөлкөмдөрүндө меймандарга этно боз үйлөр эшигин ачты

Ысык-Көлдүн бир катар чөлкөмдөрүндө меймандарга этно боз үйлөр эшигин ачты

3 Сент 2018 , 19:42 792

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Этно ыкмада жасалган боз үйлөр бир гана Кырчын жайлоосунда меймандарга эшигин ачпастан, Ысык-Көл облусунун бир катар чөлкөмдөрүндө тигилди. Алар туристтерди, көчмөндөр оюндарынын конокторун тосуп, кыргыз элинин маданияты, каада салты менен тааныштырууда. 

Хан боз үй. Үй жасалганда эле көчмөндөр оюндары үчүн жасалган. Өзгөчөлүгү ички жасалгасында. Кунт коюп караган адам түндүктүн тегерегиндеги элечек кийген эненин бала кармаган сөлөкөтүн көрөт. Андан кийин оймолор менен балдары кетет. Аны улай эле төө менен биринин артынан экинчиси жолун улаган улуу көч. 

3-оюн абдан сонун отуп жатат. Озгочо президентибизге кошулуп башка президенттердин келгени биз учун аябай сыймык. Унутулуп бараткан каада салтыбыз жанданып жатканы абдан кубанычтуу. 

III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен Кыргызстан дүйнөнүн көңүл борборунда турат. 3 миңден ашык катышуучулар, 10 миңдей мейман салтанатка көз салып, өлкөнүн маданиятына күбө болууда.


Новости по дате