http://www.ktrk.kg/Кырчын жайлоосундагы маданий жана спорттук иш-чаралар расмий түрдө ачылды

Кырчын жайлоосундагы маданий жана спорттук иш-чаралар расмий түрдө ачылды

3 Сент 2018 , 13:59 983

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Кырчын жайлоосундагы маданий жана спорттук иш-чаралар расмий түрдө ачылды. Анда миңден ашык маданият кызматкерлери кыргыз каганатынын алтын доорун театралдаштырып көрсөттү.

Президент театралдашкан оюн-зоок жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, аны ишке ашырган маданият кызматкерлеринин эмгеги сөзсүз бааланат деп айтты. 

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт деп расмий билдирилди. Ал эми 2022-жылы бешинчи оюндарды өткөрүүгө Монголия талапкерлигин коюп жатат. 

Монголияда “Кыргыз Нур” деп аталган көл бар. “Нур” монгол тилинен “көл” деп которулат. Монголиядан келген делегация мына ошол кыргыз көлүнөн суу ала келип, Ысык-Көлгө куюшкан. Бул көчмөн элдердин биримдигинин дагы бир белгиси деп ишенишет монголиялыктар.

Новости по дате