http://www.ktrk.kg/Көчмөндөрдүн алтын доору ааламга даңазаланды

Көчмөндөрдүн алтын доору ааламга даңазаланды

4 Сент 2018 , 9:20 897

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Көчмөндөр оюндары менен бир эле түрк дүйнөсүнө гана эмес, ааламда көңүл борборуна алынып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурууда. 

Расмий ачылышынан кийин, Чолпон-Атадагы ат майданында жана Кырчын жайлоосундагы этношаарчада спорттук, маданий иш чаралар ишин баштады.

Бүгүн, этно шаарчадагы негизги маданий иш-чара катары саналган, ""Көчмөндөрдүн алтын доору" театралдашкан салтанаттуу аземдин ачылышы болуп, аны көрүүгө президент Сооронбай Жээнбеков менен алыстан келген сыйлуу коноктор да келишти.

Кыргыз элинин  Алтын доордогу жашоосу, каада-салты жана башка элдер менен болгон алакасы, согуштагы жетишкендиктери театралдашып көргөзүлдү.



Новости по дате