http://www.ktrk.kg/ДКО: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи сапта келе жатат

ДКО: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи сапта келе жатат

4 Сент 2018 , 9:29 2963

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда. 3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медаль бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медаль болсо, анын бешөө алтын. Үчүнчү орунга он эки медаль менен Түркмөнстан чыкты. Андан кийинки сапта Орусия 7 медаль, 3 алтын менен жана Өзбекстан 12 медаль, 2 алтынга ээ болгон . 

Бүгүн, 4-сентябрда спорттук мелдештердин алкагында ат чабыш, аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, жана жаа атуу боюнча медалдар тобу ойнотулат. Ысык-Көлдө 2-сентябрда ачылган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Оюндар Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.

Новости по дате