http://www.ktrk.kg/КТРКнын техникалык мүмкүнчүлүктөрү

КТРКнын техникалык мүмкүнчүлүктөрү

5 Сент 2018 , 0:19 1383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн Коомдук Биринчи канал жана анын курамындагы бардык каналдардын негизги техникалык жабдыктары Ысык-Көлгө жиберилди.

Кыргызстандыктар спорттук иш-чараларды "КТРК Спорт" каналынан түз көрүп жатат. Оюндарды сапаттуу жана толук көрсөтүү үчүн канал болгон техникалык мүмкүнчүлүгүн колдонууда. Анткени, быйыл иш-чаралар көп.

Маданий иш-чаралардын негизги бөлүгү Кырчында болуп жатат. Жайлоодогу программа абдан бай болгондуктан, атайын көчмө телестанция жиберилген. Азыр көрүүчүлөр жайлоодогу иш-чараларды "Маданият. Тарых. Тил" каналынан көрүүдө.

Ал эми “Ала-Тоо 24” каналы маданий жана спорттук жаңылыктарды ыкчам баяндап көрсөтүүгө 4 чыгармачыл топту бардык керектүү техникалык жабдыктары менен жиберген. Каналдын кабарчылары жаңы, заманбап техника менен түз байланышка чыгып, элди акыркы кабарлар менен камсыздоодо.


Новости по дате