http://www.ktrk.kg/КМШга мүчө мамлекеттердин маалымат кызматташтыгы

КМШга мүчө мамлекеттердин маалымат кызматташтыгы

6 Сент 2018 , 23:53 2552

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши өттү. 

Жыл сайын өткөн бул жыйынды быйыл Кыргызстанда өткөрүү сунушталып, колдоо тапкан болчу. Ага 8 өлкөнүн маалымат агенттиктеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. КМШга мүчө өлкөлөрдүн маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин Кеңеши көл жээгинде уюштурулганы да жөн жерден эмес. Себеби дал ушул убакытка мерчемделген иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коштоп калды. 

Анын башкы максаты да Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу.

Катышуучулар быйылкы кеңеш Көчмөндөр оюндары эл аралык иш чаранын аянтчасында өтүп жатканына кубанычта экендигин белгилешти. Айтымдарында Көчмөндөр оюндары КМШ өлкөлөрүнүн ЖМКларын эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн маалымдоо каражаттарынын дагы кызыгуусун туудуруп жатат.

Ал эми 1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан жолугушуунун уюштуруучусу бул жолу Кыргызстандын “Кабар” улуттук маалымат агенттиги болду. Айта кетсек Кеңештин ишине Азербайджан, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикистандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышып келет.


Новости по дате