http://www.ktrk.kg/Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышы

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышы

8 Сент 2018 , 22:57 3976

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн кечки саат сегизде Чолпон-Атадагы ат майданда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт. 

Анда Кыргызстан Түркияга оюндардын белгиси катары көөкөрдөгү мөңгү суусун берет. Бул тууралуу Ысык-Көлдө болгон маалымат жыйынында Биринчи вице-примьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Анын айтымында, эстафетаны өткөрүп берүү аземи дагы өзгөчөлүктөр менен коштолот. Биринчи вице-примьер-министр ачылыш аземинде театралдашкан көрсөтүү көчмөндөрдүн философиясын ачып берген болсо, жабылыш аземде бул тема улантыларын айтты. 

Ошондой эле ал меймандарды ат майданында 500гө жакын артисттин, каскадёрдун жана спортчунун катышуусундагы унутулгус шоу күтөрүн кошумчалады.



Новости по дате