http://www.ktrk.kg/ДКО: Чолпон-Атада жабылуу аземи салтанаттуу аяктады

ДКО: Чолпон-Атада жабылуу аземи салтанаттуу аяктады

9 Сент 2018 , 21:24 1052

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошентип Кыргызстанда Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий жыйынтыкталды. Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө көчмөн элдин рухун, күчүн даңазалады. 

Бир жумага созулган ири спорттук жана маданий иш-чара эң жогорку деңгээлде өтүп, ага келген ар бир меймандын көңүлү толгонун байкасак болот. “Күч биримдиги, рух биримдиги” ураанын алдында өткөн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аты айтып тургандай эле биримдикте, жогорку уюшкандыкта өтүп, уникалдуу, атагы алыска жеткен иш-чарага айланып отурат.


Оюндардын жабылуу аземи күн мурун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өттү. Анда 500гө жакын спортчулар, каскадерлор, ырчы бийчилердин катышуусунда шоу программа орун алып, кийинки көчмөндөр оюндарын өткөрүп берүү аземи орун алды. 4-дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.


Бир жумага созулган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, Чолпон-Атадагы ат майданда жабылуу аземи салтанаттуу түрдө аяктады. 

Алгач театралдашкан көрсөтүү менен башталып, атчан баатырлар олимпиадалык от сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын ыйык белгиси болгон көөкөргө куюлган мөңгү суусу менен туусун көтөрүп эл алдына алып келишти.

Салтанатта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөп Көчмөндөр оюндарын расмий түрдө жабык деп жарыялап, эстафетаны салтанаттуу түрдө Түркиянын Жаштар иштери жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга тапшырды. 





Новости по дате