http://www.ktrk.kg/Дүйнөгө дүңгүрөгөн дүйнөлүк оюндардын даңазасы менен өзгөчөлүгү кайсылар?

Дүйнөгө дүңгүрөгөн дүйнөлүк оюндардын даңазасы менен өзгөчөлүгү кайсылар?

10 Сент , 23:23 4713

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үчүнчү ирет өткөн бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз элинин маданиятын, көчмөн турмуштун баалуулуктарын даңазалай алды. Талдоочулар Кыргызстан тараптан уюштурулган ири иш-чара өз максатына жетти деп эсептейт. Биринчи жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан айырмаланып, бул ирет катышуучулар, келген чет элдик туристтер да, оюндарды чагылдырган журналисттер да кыйла арбын болду.

Апта бою өткөрүлгөн иш-чаралардын ар бири кылымдар бою сакталып келген баалуулуктарды эске салып, улуу мурастарды даңазалады. Дал ушундай пикирди айткан тарыхчы, этнографтар жаңы доордо канчалык өзгөрүүлөр орун алса да көчмөндөрдүн маданиятын унутта калтырбоого чакырышат. Жаратылыш менен жуурулушуп жашаган көчмөндөрдүн оюну да, каада-салттары да өзгөчө мааниге ээ.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бириккен Улуттар Уюмунун жогору баасына татыган. Башкы ассамблеянын 67-сессиясында көчмөн оюндары диндер ортосундагы жана маданияттар аралык алаканы, тынчтыкты сактоо үчүн кызматташтыкты жана өз ара жылуу мамилени сактап өнүктүрүү жаатында эң мыкты иш-чара болгону белгиленип, атайын резолюция кабыл алынган.


Новости по дате