http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт

Кыргызстанда“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт

10 Сент 2018 , 17:31 1835

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

15-Сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. Буга карата дүйнөнүн 157 мамлекетинде тазалык акциясы уюштурулат. “Биз дүйнөнү тазалайбыз” деген ураан менен мамлекеттик кызматкерлер, жаштар, студенттер жана башка жарандар коомдук жайларды, жаратылыш парктарын, арыктардан тарта, токойлорго чейин тазалашат.

“Биз дүйнөнү тазалайбыз” деген ураан быйыл Кыргызстанда дагы жаңырат. 157 мамлекеттин катарында Кыргызстан дагы бул саамалыкты быйыл өткөргөнү жатат.

Тазалык акциясы өлкөнүн 7 облусунда тең массалык түрдө өтөт. Ага таза жашоого салымымды кошсом деген ниети бар бардык жарандар чакырылууда. Иш-чаранын алкагында, таштандыны кайра иштетүү, экологиялык тазалыкты сактоо маселелери сүйлөшүлөт.

Адистер Кыргызстандын табиятын желим буюмдар, баштыктар каптап, айлана-чөйрөгө чоң зыян келтиргенин эскертип жатат.

Статистика боюнча, бир адам бир күндө 1,5 киллограммга чейин таштанды калтырат. Эми муну бир жумага көбөйтсөк, 10 киллограммдан ашат. Анда бир айда 40 киллограммдан жогору болот. Ошондуктан ар бирибиз тазалык үчүн жооптуу экенибизди унутпай, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегенге аракет кылуубуз зарыл!


Новости по дате