http://www.ktrk.kg/Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды

Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды

11 Сент , 11:24 2650

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктады. 

Билдирүүгө ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Маалыматтык кызматтарды көрсөтүү боюнча адистештирилген борборунун" кызматкерлери 2018-жылдын апрель айынан тарта транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатуу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алууда айрым эрежелерди бузушкан. 

Анын натыйжасында бюджетке 5 841946 сом зыян келтирилген. Күтүүсүз барган текшерүүдөн кийин жогоруда айтылган сумма толук өлчөмдө республикалык бюджетке кайтарылды.


Новости по дате