http://www.ktrk.kg/Энергетиктер алдыдагы суук мезгилге карата кызуу даярдык көрүшүүдө

Энергетиктер алдыдагы суук мезгилге карата кызуу даярдык көрүшүүдө

11 Сент 2018 , 17:39 9612

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Энергетиктер алдыдагы суук мезгилге карата кызуу даярдык көрүшүүдө. Азыркы күндө Чүй облусундагы энерготутумдардын 84 пайызы толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. 

Соңку жылдары калкты электр энергиясы менен камсыздаган жабдуулар жаңылануунун үстүндө. Алардын бири 40 жыл мурун колдонууга берилип, андан бери бир дагы жолу оңдолбой келген “Кара-Балта” жогорку чыңалуудагы көмөк чордону.

Көмөк чордондогу дээрлик бардык жабдуулар четинен алмаштырылып бүтөйүн деп калды. Бул иштин баары Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттын эсебинен ишке ашууда. Жаңылоо жумуштары башка дагы багыттар боюнча жүрүп жатат.

Энергетиктердин ремонт иштери март айынан ноябрга чейин созулат. Бул өңдүү иштер өлкө боюнча жасалууда.

Новости по дате