http://www.ktrk.kg/КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын түзүлгөнүнө 2 жыл толду

КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын түзүлгөнүнө 2 жыл толду

12 Сент 2018 , 7:56 1732

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын түзүлгөнүнө 2 жыл толду. Бул аралыкта өз алдынча, күнү-түнү иштеген маалыматтык каналдын ишмердүүлүгүн калыптандыруу боюнча албан иштер жасалды. 

"Ала-Тоо 24" телеканалынын көрүүчүлөрү күнүгө онлайн режимде Кыргызстанда жана чет жактарда болуп жаткан окуяларды көрө алат. Бул башталышы гана, алдыда дагы көптөгөн жаңылыктар жана кызыктар бар. 

Биздин кабарчылар мындан ары да жеринен репортаждарды даярдап, кызыктуу адамдар тууралуу окуяларды айтып берип, күндүн өзөктүү маселелерин чагылдырып турмакчы. Мунун баарын "Ала-Тоо 24төн" көрүңүздөр!





Новости по дате