http://www.ktrk.kg/Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды

Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды

19 Сент , 9:20 4646

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды. Мындан улам Кылмыш жана жаза кодексинин 116 -беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун Башкы прокуратуранын балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу маалымат жыйынында билдирди. 

Буга чейин бала сатууга шектелип 4 акушер-гинеколог тергөө абагына түшкөндүгүн ИИМден билдиришкен болчу. Алардын үчөөнө кылмыш иши козголгон. Сентябрь айынын башында медицина кызматкерлери шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде ымыркайларды сатып, ата-энелерине балдары чарчап калгандыгын айткан маалымат интернет булактарында пайда болгон. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"




Новости по дате